09:41, 12 июля 2018, 24.kg

Түркия «Сапат» мекемесине атаандаштык түзө турган мектеп ачууга кызыкдар

Түркия «Сапат» мекемесине атаандаштык түзө турган мектеп ачууга кызыкдар. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат билдирди.

Элчи кыргыз өкмөтүнө «Маариф» фондунун мектебин ачууну сунуштады.

«Бул фонддун камкорчулар кеңешинин төрагасы — Түркиянын билим берүү министри. Башкача айтканда, мекеме мамлекеттик. Дал ушул фонд келип, Кыргызстанда мектептерди ачсын деп сунуш кылып атабыз. Бул боюнча чечимдер эми кабыл алынат. Быйыл сентябрь айында биздин президент Бишкекке келет. Мына ошондо айрым маселелер чечилиши мүмкүн, — деди Женгиз Камил Фырат.

Түрк элчисинин айтымында, «Маариф» фонду Кыргызстанда мектеп ачса, «Сапатка» караганда мугалимдерге көп маяна төлөп, окуучуларды аларга караганда арзаныраак окутат.

Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка каршы кескин жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18