Бишкекте белгисиз бирөөлөр «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сабап кетишти
Бишкекте белгисиз бирөөлөр «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
«Көчө абдан тар болгондугуна байланыштуу, белгисиз бирөөлөр келип кызматкерлерге унааны жолдон алууну айтышкан. Тазалыктын кызматкерлери ишти биротоло бүтүрүп коюу үчүн бир канча мүнөт күтүп турууну суранышкан. Бирок, жаштарга бул сунуш жакпай айдоочуну ары жакка алып барып сабап салышкан», — деди Жибек Каракеева.