13:41, 11 июля 2018, 24.kg

Мира Сыдыкованын үйүн конфискациялоо соттун чечими чыкканга чейин токтотулду

Нариман Түлеевдин мурунку жубайынын үйүн конфискациялоо соттун чечими чыкканга чейин токтотулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине үй-бүлөнүн жактоочусу Александр Мощин билдирди. 

Анын айтымында, сот аткаруучулардын баардык иш-аракеттери Баш мыйзамга каршы келет.

«Бул Мира Сыдыкованын жалгыз турак жайы. Биз баардык керектүү документтерди көрсөттүк. Соттун чечиминде Рахимов аттуу кишини чыгаруу керек экендиги жазылып турат. Бирок, бул үйдө эч качан Рахимов аттуу жашаган эмес», —деди Александр Мощин.

Кошумчалай кетсек, 18-июлда аталган иш боюнча сот болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18