Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы уюштурулат
Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар фестивалы болот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринен келген 18ден 30 жашка чейинки жаштар катышмакчы.
Иш-чара 11-июлдан 15-июлга чейин борбор калаадагы мейманканалардын биринде өтөт.