Токтогул районундагы кырсыктын кесепетинен эки киши каза тапты
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен эки киши набыт болду. Бул тууралуу аталган облустун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1954-жылы туулган С.С. аттуу айдоочу Лексус RX-400 үлгүсүндөгү унаасын башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Бишкек шаарынын 35 жаштагы Б.Б. аттуу тургуну 11 жаштагы кызы экөө жаракат алып, Токтогул райондук ооруканага жаткырылды.