Башкы штаб: Кулаган тик учак туристтерге жүк алып барган
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Ысык-Көл облусунун Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта «Ми-8 МТВ» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын кулап түшүүсү боюнча айрым маалыматтарга тактоо киргизди.
«Өкмөттүн токтому боюнча мындай авиациялык иштерди аткарууга уруксат берилет. Кишилер жардамга муктаж деген фирмалар бизге кайрылышат. Биз азык-түлүк жана медикаменттерди жеткиргенбиз», — деп айтылат штаб тараткан билдирүүдө.
Андан кийин Ысык-Көлдөгү тик учак кулаган жерге дагы бир тик учак жөнөтүлүп, Бишкекке алты кишини, анын ичинде жабырлануучуларды алып келген.
Бул окуя боюнча тергөө органдары иш алып барып жатканын айткан Башкы штаб кырсыктаган тик учактын абалы тууралуу маалымат берген жок. Мекеме учууга жарамдуу тик учактардын санын атоодон дагы баш тартты.