Орусия ТИМи Тулада кыргыз айылынын курулушуна тыюу салынышын текшерет
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Тула облусунун Заокский районунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган райондо беш жүздөй кыргызстандык үй-бүлө жер үлүшүнөн ажыроо алдында турат.
Элчиликтен билдиришкендей, 3-июлда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Заокский районуна барып келишкен. Ага чейин Клищино кыштагынын тургундары жаңы негизделген «Ала-Тоо» деп аталган кыргыз айылынын айланасындагы маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Бирок быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаган.
Бул маселени талкуулоо үчүн элчилик кызматкерлери Заокский райондук акимчилигинин башчысы, «Сотый километр» деп аталган риэлтордук компаниянын өкүлдөрү жана мекендештер менен жолугушту.
Быйыл 29-июнда Заокский районунун депутаттар кеңеши 2016-жылы турак жай курууга берилген жердин статусун жокко чыгарып, жерди айыл чарбалык керектөөгө аныктаганы 6-июлда белгилүү болгон. Андан мурдараак орусиялык ЖМКларда «Москванын четинде кичинекей Кыргызстан» курулуп жаткандыгы тууралуу макалалар жарыяланган. Мындан улам жергиликтүү бийлик жашоочулардын үйлөрүн каттоого алуудан баш тарткан.