13:47, 10 июля 2018, 24.kg

Режеп Эрдоган Түркияга «жаңы доордо жаңыча өнүгүүгө» убада берди

Түркияда кайрадан шайланган президент Режеп Тайып Эрдоган 9-июлда Анкарада ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурацияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

Ант берүү аземинен кийин Режеп Эрдоган «түрк атасы» аталган Мустафа Кемал Ата Түрктүн кабырына барып, анда сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү азыркы жол менен өнүктүрүүнү уланта турганын айтты.

Расмий маалыматтарга караганда, 24-июнда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо Режеп Эрдоган 52 пайыздан ашык добуш менен экинчи жолу шайланды. Бул анын мамлекет башчы катары бийликтеги экинчи мөөнөтү, бирок президент катары чексиз бийликти алган алгачкы мандаты.

9-июлда бир жыл мурун референдум аркылуу Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Оппозиция бул өзгөртүүлөр «бийликтин бир колго топтолушуна шарт түзөт» деп эсептейт.

Режеп Эрдоган өзү 80 миллион калкы бар Түркияга «жаңы доордогу жаңы өнүгүүнү» убада берүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18