10:17, 10 июля 2018, 24.kg

Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Осмонбек Артыкбаев дайыма ден соолугуна байланыштуу нааразы экенин билдирип, дарыланууга муктаж экендигин кошумчалап келген. Соттолуучунун кан басымы бирде түшүп бирде көтөрүлүп турган.

Нурдин Сулаймановдун билдиргенине караганда, Осмонбек Артыкбаев кадимки стационарга жаткырылды. Анын жактоочусу Айжан Орозакунова кайсы ооруканада жаткандыгын ачыктаган жок.

Эске салсак, Осмонбек Артыбаевге Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18