17:37, 09 июля 2018, 24.kg

Оштун губернатору эми шаарды жетектөөгө аттанды

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясы чогулуп, Ош шаарынын мэри кызматына Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлигин бир добуштан колдошту. Бул боюнча чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, көпчүлүк коалицияны КСДП, «Мекеним Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары түзөт.

Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Таалайбек Сарыбашов учурда облусту жетектейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18