16:22, 09 июля 2018, 24.kg

Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектүү жаран Кыргызстандан кармалды

Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектүү жаран Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Фергана облусунун 28 жаштагы М.Э. аттуу тургуну Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан эч каттоосуз өтүп, Баткен облусундагы айылдардын биринде жүргөн жеринен кармалды.

Эске салсак, кылмышка шектүү өзүнүн кошунасын бычак сайып өлтүрүп алган.  Ал 13-июндан бери Фергана облусунун Богдод РИИБ тарабынан өзгөчө оор кылмышты (адам өлтүрүү) жасагандыгы үчүн изделип жаткандыгы аныкталды. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18