Сапар Исаков кыргыз тилин тереңден өздөштүрүп жатат. Айбек Калиев спорт залда
УКМКнын тергөө абагында отурган мурунку премьер-министр Сапар Исаков кыргыз тилин өркүндөтүү менен алектенүүдө. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
«Сапар Исаковдун азыр бош убактысы көп болгондуктан, кыргыз тилин тереңден өздөштүрүп жатат», — деди Нурбек Токтакунов.
Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысынын жактоочусу Бактыбек Жумашевдин «24.kg» агенттигине берген маалыматына караганда, Айбек Калиев спорт залда машыгууда. Анын ден соолугуна байланыштуу нааразычылыгы жок. Керектүү дары-дармектерди алып жатат.
Эске салсак, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 7 аткаминерге карата жемкорлук айыбы тагылууда.