Түркияда поезд кырсыктап, кесепетинен 24 киши каза болду
Түркияда поезд кырсыктап, кесепетинен 24 киши каза болду. Бул тууралуу posta.com.tr жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Стамбул-Капикуле багыты боюнча келе жаткан поезддин бир канча вагону рельстен чыгып кеткен.
Окуя Текирдаг провинциясына караштуу Чорлу районунун Сарылар айылына жакын жерде болду.
Поездде жалпысынан 362 жүргүнчү болгон. Алардын 338ине медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыркы тапта 124 жүргүнчү ооруканада жатат.