Казакстанда бозгун саясатчы Мухтар Аблязовдун тарапташы камалды
Алматыда эки айга активист Асет Абишев камакка алынды. Бул тууралуу Фейсбукка анын адвокаты Гүлаим Сыдыкова жазды.
Асет Абишевди 5-июлда Алматыда бизнесмен Ескендир Еримбетовдун иши боюнча өтүп жаткан сот жараянынын кайтып келе жатканда полиция кармап кеткен. 7-июлда сот аны эки айга камоо боюнча чечим чыгарган. Адвокаттын Асет Абишевди кепилге бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.