Бишкекте таштанды салуучу контейнерлер жуулуп, хлор менен тазаланды
Тазалык муниципалдык ишканасынын жумушчулары таштанды салуучу контейнерлерди жууп, хлор менен тазалашты. Иш учурундагы сүрөттөр аталган ишкананын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.