Саламаттык сактоо министрлигине гемодиализ үчүн 5 аппарат берилди
Саламаттык сактоо министрлигине гемодиализ үчүн 5 аппарат берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Маалыматка караганда, аппараттар кайтарымсыз түрдө «Фрезениус» немец компаниясы тарабынан берилди.
3 аппарат Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына, калган экөө Талас облусуна берилет. Буга чейин Каракол шаарында гемодиализ аппараты сынып калганы маалымдалган.