Түркияда 18 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды
Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген.
Жарлык «Расмий гезитке» басылды.
Кызматтан айдалгандар мамлекеттик кызматкерге таандык болгон артыкчылыктардан кол жууйт жана алар мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдө иштей албайт.
Мындан тышкары жакын арада үч гезит жана бир телеканал жабылат.