Казакстан Астана жана президенттин туулган күнүн белгилөөдө
Казакстанда бүгүн Астананын 20 жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик майрам президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө туш келди. Казак лидери 78 жашка чыкты.
2006-жылга чейин Астана күнү 10-июнда белгиленип келген, кийин ал 6-июлга жылдырылган. 2008-жылдан тарта Астана күнү — мамлекеттик майрам, дем алыш күнү болуп бекитилген.
Астана калаасын Казакстанды совет доорунан бери үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаевдин «перзенти» деп аташат. 1990-жылы 24-апрелде Казак ССР президентти кызматына Казак ССР Коммунисттик партиясынын жетекчиси Нурсултан Назарбаев дайындалган. Ошондон бери ал бийликтен түшө элек. 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Назарбаев 97 пайыздан ашык добуш алган.