Кыргызстан туристтерди тартуу боюнча 115-орунда турат
Дүйнөдөгү 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан туристтерди тартуу боюнча 115-орунду ээледи. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтты.
«Бул көрсөткүч коңшу өлкөлөрдөн кыйла артта калгандыгыбызды көрсөтүп турат: Орусия— 43-орунда, Казакстан — 81-орунда, Тажикстан 107-орунда турат», -деди өкмөт башчы.
Ал өлкө аймактарында жергиликтүү тургундардын туристтерге карата аң-сезимин өстүрүү, калыптандыруу багытында бир да конкреттүү иштер көрүнбөйт деп сындады.