Туристтердин келиши акыркы 5 жылдын ичинде 6,2 пайызга көбөйгөн
Туризмдин өлкөнүн ички дүң продукциясындагы (ИДП) үлүшү акыркы 6 жылдын ичинде болгону 0,3 пайызга гана өскөн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын жайкы туристтик сезонду өткөрүү маселелери боюнча кеңешмеде айтты.
«Туристтердин келиши 5 жылдын ичинде 6,2 пайызга жыл сайын көбөйүп бараткандыгы улуттук статистикалык маалыматтарда көрүнүп турат. Демек, буга жараша туризмден түшкөн салым да жылдан жылга көбөйүшү керек», -деди өкмөт башчы.