Нурсултан Назарбаев: Астана аймактын башкы каржы хабына айланышы керек
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн демилгеси менен негизделген «Астана» аттуу Эл аралык каржы борборунун ачылышына катышты.
Анда Нурсултан Назарбаев борбордун ачылышы «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» экенин белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, бул борбордун казакстандык модели дүйнөлүк соода аянтчалардын ишмердигинин «эң жакшы практикаларын» камтыды.
«Астана аймактын башкы каржылык хабына» айланышы керек деп эсептеген мамлекет башчысы чет өлкөлүк жана казакстандык бизнести борбордун ишине катышууга чакырды.