«Айкөл Ала-Тоо»: Молдомуса Конгантиев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек
«Айкөл Ала-Тоо» коомдук фондунун мүчөлөрү мурунку ички иштер министр Молдомуса Конгантиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып, президентке кайрылышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган уюмдан билдиришти.
«2010-жылы 7-апрелде үй-бүлөлүк режимди алып түшкөнбүз. Биздин жолдошторубуз каза болушту. Молдомуса Конгантиев кандуу бийликтин жакын досу болчу. Сот аны кылмыштын курамында жок деп актап койду. Бул бизди бетке чапкандай эле болду», — дешти нааразы тарап.
Эске салсак, буга чейин жактоочу Икрамидин Айткулов «24.kg» агенттигине Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш иши токтотулганын билдирген.