Орусияга иш издеп келген мигранттар жашаган жери боюнча гана каттоого турушат
Орусия эмгек мигранттары үчүн эрежелерди күчөттү. Бул тууралуу Орусиянын федералдык миграция кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындан кийин Орусияга иш издеп келген чет өлкөлүктөр жашаган жери боюнча гана каттоого тура алышат. Буга чейин жумуш берүүчү тарап келген мигранттарды мекемелердин юридикалык даректери боюнча каттоого тургузууга укугу бар болчу.
Эске салсак, миграция мыйзамын бузгандарга административдик жаза колдонулат. Ал тургай депортация чаралары көрүлөт.