Тажикстанда кардарларына ВИЧ жуктурган сойкунун иши сотко жетти
Тажикстандын Шаартуз райондук прокуратурасы 10 кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурууга айыпталып жаткан жергиликтүү тургундун иши сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.
Азырынча сот жараянынын датасы белгилене элек.
Прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталуучу 30 жашта жана анын эки баласы бар. Ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин интимдик кызматтарды көрсөтүүсүн уланта берген.
Тергөө аялдын интимдик кызматтарынан кеминде 10 киши колдонгонун аныктады. Азырынча алардын канчасына ВИЧ жукканын так айтуу мүмкүн эмес, анткени вирус адамдын организмине киргенден кийин жарым жылдын ичинде билинет.
ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча жергиликтүү борбордун жетекчиси Акрам Давлатовдун айтымында, айыпталып жаткан аялга бул ооруну жайылтуу үчүн жоопкерчилик каралганы эскертилген.