10:10, 06 июля 2018, 24.kg

Кара-Суу районунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталып, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка караганда, «Тойота Виндом» унаасы «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, андан кийин «Мерседес-Бенцти» сүзүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Хонданын» айдоочусу жана жүргүнчүсү Ош облустук ооруканасына жеткирилди.

Ал эми кырсыкка себепкер болгон «Тойотанын» айдоочусу из жашырып качып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18