Ысык-Көлдө «ӨрүкФест-2018» фестивалы өтөт
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында «ӨрүкФест-2018» аттуу үчүнчү өрүк фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш чара 28-июлда уюштурулмакчы.
Маалыматка караганда, аталган райондогу Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдарынын дыйкандары иш чарага катышмакчы.