Ташкентте банк тоноого аракет кылган украин жарандары кармалды
Ташкентте Orient Finans Bank деп аталган жеке коммерциялык банкты тоноого аракет кылган деген шек менен Украинанын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Шектүүлөр Кыргызстандан алган атайын жабдуулардын жардамы менен банктын депозиттик уячаларын ачууга аракет кылып жаткан маалда ШИИБ кызматкерлери тарабынан кармалды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Orient Finans Bank башкармалыгынын төрагасы Рустам Парпиев. Ал Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы башчысы Батыр Парпиевдин уулу жана Өзбекстан атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Рустам Иноятовдун күйөө баласы.