12:00, 06 июля 2018, 24.kg

Акындан алты кеп. Азамат Болгонбаев күткөн наам, Карыпбековго жакпаган чындык

Photo 78956

Устат академиясынын негиздөөчүсү, кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышынын баш байге ээси, төкмө акын Азамат Болгонбаев акыркы кездерде коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү сындап айтып да, ырдап да келет.

Замандын ак таңдай акыны «24.kg» агенттиги менен көкүрөк өйкөгөн ойлору менен бөлүштү.

Кайсы гана тармакка кандай өңүттөн карабайлык чалкеш заман болуп турат. Маданият, спорт, билим берүү, медицина жана башка тармактарды алсак баш аягы жок, аркы бети менен берки бети көрүнбөгөн, бири- бирин укпаган, сынды туура кабыл албаган, уюп турган уюткусу жок чачыранды мезгил болуп турат. Бурулайдын өлүмү, жаштардын көчөдө мушташуусу, өнөр адамдарынын кайым айтышуулары, кыскасы коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр руханий баалуулуктардын чегинен чыгып кеткендигинен кабар берүүдө. Биз мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө келгенде экономикалык багытка гана басым жасап аткандайбыз. Эгер «Кумтөр» иштебей калса кандай болот деп ошого гана чектелип жатабыз.

Биздин негизги баалуулук- руханий азык. Бирок, бул нерсени артка калтырып салдык.

 

 

 

Айтыш жаңы түзүлгөндө эксперименттик түрдө кече уюштуруп көрдүк. Алгачкы Улуттук тарых музейинде өткөн айтышка 50 акын катышып, 20 киши гана көрдү. «Кишисинен ырчы көп, ким көрүптүр мындайды» деген тамаша ырдагыдай болуп өткөн. Ошол кезде аты таанымал болуп калган 5 акын тандоо туру жок тандалышчу. Калгандары чучукулактын негизинде. Буйрук экен, менин атым чыгып калып, катышып баштагам.

Photo 78957

Акыркы жылдары айтышты көрүүгө келген, күйөрмандык кылган жаштардын саны өсүүдө. Айрыкча шаарда өсүп, орус мүнөз болуп калгандар кайдыгер калбай, айтышка болгон кызыгуулары артканын айтып калышат. Бул аталган өнөрдүн өсүп жатканынын белгиси.

«Айтыш» коомдук фонду болсо коомдук ишмер Садык Шер-Нияз тарабынан 2001-жылы түзүлгөн. Алгач элден кирүүгө акы алчу эмеспиз. 2003-жылы биринчи жолу баш байгеге унаа коюлган. Филармонияга келген элдин көптүгүнөн эшик-терезелер сынган эле. Кийинчерээк билеттерди арзан баада сата баштадык. Ал эми жөнөкөй концерттин бир күндүк билеттин баасы эле ушундай болуп атпайбы? Айтыш десе эле эки акынды айтыштырып коет деп билишет. Анын артында көп түйшүктөр болот. Айтыштын кадырын кетирбеш керек. Чоң каражат жана маңдай тер менен ушул деңгээлге жеттик.

Кыргыздарда, айрыкча улгайып калган кишилер «балама бата берип кой, оозуна түкүрүп кой» дегендер болот. Андайда балдардын жүзүнөн сүйүп, колунан кысып коём. Албетте, мындан адам сөзсүз акын болуп кетпейт, батасын берип койсун деген эле кеп. Муну мен ширк деп эсептебейм, жөн гана адамдардын аруу тилек сезими деп ойлойм.

Коомдук биринчи каналдын байкоочу кенешинин мүчөсү катары КТРКнын жетекчилигинин адамгерчилигине, аброюна шек келтирген жокмун. Бирок, ортодо бир-эки суроолор боюнча пикир келишпестиктер жаралды. КТРК жаңы көчмө телестанцияны 1,5 миллион доллар бюджеттин акчасына сатып алган. Буга байланыштуу тиешелүү тастыктоочу документтерди гана сурагам. Ушул жаатта кайым айтышуулар болуп кетти. Мага көрсөтүшкөн документти жетишсиз деп эсептейм.

Өзүм журналист болбосом дагы КТРК маалыматтарды таркатууда ар тараптуулукту карманышы керек экендигин жакшы билемин. Анын үстүнө аталган канал акыркы кездерде чыгармачылык жактан бир аз солгундап кеткенин мен айтпасам да эл көрүп турат. Мен өз абийиримдегини айтып, далилдүү түрдө каналдын 2017-жылкы ишмердүүлүгүнө каршы добушумду бергем. Жогорку Кеңеште дагы акыйкат канал болушу керек деп көп айтылат.

Photo 78978


Айтыш жоголбой турган казына. Уучубузду улап кете турган жаштарыбыз бар. 2014-жылдан бери 25 жашка чейинки улан-кыздар арасында «Жаш таңдай» айтыш сынагы уюштурулуп келет. Учурда 30дай жаш акындарыбыз бар. Эми анын баары акын болуп кетет дегенден алысмын, бирок ийленип отуруп эртеңки күнү Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев аталарыбыздай акын болушу мүмкүн.

Жүрөгүмдү өйүткөн нерсе 20-кылымдан 21-кылымга көпүрө болгон төкмө акын Замирбек Үсөнбаевге Эл баатыр деген наам ыйгарылса... Негизи ар бир эл улуусун сыйлайт го, залкар акын ооруп жүрөт. Наам алса демине дем кошулат беле?..


Акындар мамлекет өзү кыйналып турганда материалдык жактан колдоо сураган жокпуз. Бирок, акыркы жылдары өлкө бийлиги тарабынан колдоолор болуп жатат. 2016-жылкы «Көчмөндөр оюндарында» айтышка деп 1,5 миллион сом байге сайып берди.

Быйыл боло турган «Көчмөндөр оюндарына» акындар катышабы жокпу азырынча белгисиз. Каражат бөлүнбөсө акындардын айтышы өтпөй калышы мүмкүн. Садык Шер-Нияз агабыз 15 жылдан бери бизге акчалай жардам көрсөтүп келген. Бирок, а кишиде деле дайыма акча боло бербейт да. Мамлекет буга көңүл буруп, бир аз көтөрмөлөп кетсе жакшы болмок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18