15:52, 05 июля 2018, 24.kg

Тажикстан жашоочулары кайрадан фамилияларын орусчалаштырууда

Тажикстандын миңдеген жашоочусу аты-жөнүн жазууда кайрадан «-вич» жана «-ов(-ев) суффикстерин колдонууга өтүштү. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминологиялар боюнча комитеттин жооптуу кызматкери Абдурахим Зулфониён билдирди.

«Биздин комитеттин адистери бир нече райондо изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Анда Орусияда иштеп келгендердин көбү ал жакта -и, -зод, -зода, -он, -ён, -йен, -ёр, -ниё, -фар деп бүткөн фамилиялар менен маселелер жаралып жатканын айтып, мурдагы «орусча» фамилияларына кайтышканы белгилүү болду», — деди ал.

«Менин билишимче, фамилиялары -и, -зод, -зода, -он, -ён деген суффикстер менен аяктаган Тажикстандын жүздөгөн жараны орус жарандыгын алышкан», — деди Сайёхат Достизода.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18