Ак үйдүн алдында Аксы окуяларынын катышуучулары митингге чыгышты
Бишкектеги Ак үйдүн алдында Аксы окуяларынын катышуучулары митингге чыгышты. Нааразы тарап президент менен жолугууну талап кылышууда.
Акциянын катышуучусу Максатбек Момуналиевдин айтымында, алыстан келген тургундар 2002-жылкы Аксы окуяларынын катышуучуларын Апрель баатырларына теңөөнү талап кылышууда.
Ал билдиргендей, 2006-жылга чейин Азимбек Бекназаровдун күчү менен Аксы окуяларынын катышуучуларына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулуп келген, кийин баары унутта калды.