13:57, 05 июля 2018, 24.kg

Кыргызстандык жаш футболчу Орусия-Хорватия ортосундагы беттеште топту алып чыгат

Кыргызстандык Ырыскелди Тыныбеков Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы беттешке топту алып чыгат. Бул тууралуу  футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков футбол федерациясынын долбоорунда жеңүүчү аталып, топту оюн талаасына алып чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Долбоордун алкагында жаш спортчу 31 катышуучу менен футбол, англис тили жана башка чеберчиликтеринде күч сынашкан.

Ырыскелди Тыныбеков 7-июлдан 8ине караган түнү Орусия-Хорватия ортосундагы чейрек финалдык беттешке топту алып чыгат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18