12:37, 05 июля 2018, 24.kg

Орусиядагы мигранттар темир жол акысын арзандатууну суранышат

Орусиядагы мигранттар темир жол каттамына билет баасын арзандатууну суранышат. Бул тууралуу «Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Бегиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, аба жана темир жол каттамдарынын жол киреси кымбат болгондуктан, мигранттар тобокелге салып, автоунаа менен жолго чыгып кырсыктарга кабылып жатат.

«Темир жол акысы учактан кымбат. Мигранттар жолдордо тынымсыз кырсыкка учурап жатышат», — дейт ал.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, 2017-жылы Орусиянын Борбордук федералдык аймагынан 197 кыргызстандык мигранттын сөөгү келсе, анын 60тан ашууну жол кырсыктарында каза болгону аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18