12:16, 05 июля 2018, 24.kg

Өспүрүмдөр колониясында жазасын өтөп жаткан балдардын баардыгы чылым чегишет

Өспүрүмдөр колониясында жазасын өтөп жаткан балдардын дээрлик баардыгы чылым чегип, насвай тартышат. Бул тууралуу кылмыш-аткаруу системасын реформалоо боюнча координациялык кеңештин отурумунда медициналык башкармалыктын башчысы Назгүл Солтобекова билдирди.

Анын айтымында, аталган терс адаттардын кесепетинен өспүрүм курактагылар боор жана өт органдарынын оорулары менен жабыркашат.

«Мында кармалгандардын баарынын боору жана өт органдары ооруйт. Гастрит өтө жайылган. Айрыкча 16-17 жаш курактагылар жапа чегишет. Колонияда баардыгы болуп 22 өспүрүм кармалып турат», -деди Назгүл Солтобекова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18