Тартип сакчылары менен чет элдик жарандардын ортосунда жаңжал чыкты
Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев жана Нуркамал көчөлөрүнүн кесилишинде тартип сакчылары менен чет элдик үч жарандын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
«Тартип сакчысы паспорту жок жарандын өздүгүн тактоо үчүн, милиция бөлүмүнө барууну өтүнгөн. Бирок, жол эрежесин бузган чет элдик жарандар баш тартып, ортодо пикир келишпестиктер пайда болгон», -деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, кармалган жарандардын экөө Нигериянын, үчүнчүсү Түштүк Африка Республикасынын жараны экени аныкталды. Алардын өздүгү такталган соң үйлөрүнө коё берилген.
Учурда чет элдик жарандар менен милициянын мыйзамды бузуп же бузбагандыгы териштирилип жатат.