09:16, 05 июля 2018, 24.kg

Муфтият мечит имамдары үчүн атайын китеп басып чыгарды

«Жума хутбалары» китеби экинчи ирээт басып чыгарылды. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, китеп имамдардын билим сапатын жогорулатуу жана хутба айтуу чеберчилигин өркүндөтүү максатында даярдалды.

«Жума хутбаларында» имам Азам абу Ханифа, намаз, Орозо, зекеттин фазилеттери, ажылык, «Ислам мамлекети», жихат жана үй-бүлө, билим алуу темалары камтылды.

«Китеп жума күндөрү мечитке жума намазына чогулган мусулман бир туугандарыбызга имамдарыбыз тарабынан жана жалпы эле китеп окурмандарына Ислам дининин акыйдасынан, шариятынан, мазхабыбыздан, жалпылап айтканда динибизден туура түшүнүк алып, алардын диний экстремистик, такфиристтик, радикалдык идеяларга берилип кетүүлөрүнүн алдын алып, биздин динибиз бейпилчилик, берекенин, ынтымактын, кайрымдуулуктун, эки дүйнөнүн бактылуулугун камсыз кылган дин экендигин түшүндүрүү максатында жазылды», — дейт Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

«Жума хутбалары» китеби имамдарга колдонмо курал катары таратылып берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18