08:45, 05 июля 2018, 24.kg

Өзбекстандын балдар үйлөрүндө видеокамералар орнотулат

Маргилан жана Ташкент облусундагы кыйноо окуяларынан кийин бардык балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда камералар орнотулат. Бул тууралуу Өзбекстандын башкы прокуратурасы билдирди.

«Бул чуулгандуу иштер, чектен чыккан фактылар. Учурда бардык облустарда, аймактарда текшерүү жүрүүдө. Мен муну расмий текшерүүлөр деп айта албайм, бирок бул маселе укук коргоо органдарынын жеке көзөмөлүндө. Учурда бала бакчаларда камералар орнотулууда, буга окшогон башка фактылар катталган жок. Эки окуя боюнча тергөө уланууда », —деди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сурайё Рахманова.

Былтыр декабрда Маргиландын № 1 кайрымдуулук үйүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн акчаны уурдоого, тарбиялануучуларга сексуалдык жана физикалык кыйноо көрсөтүүгө шектелгени кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18