08:42, 05 июля 2018, 24.kg

Бишкек быйыл сатып алына турган 350 автобустан баш тартты

Бишкек мэриясы ушул жылдын аягына чейин сатып ала турган 350 автобустан баш тартты. Мындай чечим тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди. Ал автобустарды «Газпромдун» насыясына сатып алуу пландалган.

Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия «Газпромбанктан» 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алмак.

Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылган. Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирген. Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18