Милиция: Курман айтка карата балдар уурдалып жатат деген сөз калп
Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир да бала жок. Бул тууралуу бүгүн шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
«Убактылуу адашып же үйдөн чыгып кеткен балдардын баары ата-энесине кайтарылган», - деп билдирди ички иштер башкармалыгы.
Ушундай эле билдирүүнү Жалал-Абад милициясы да таратты.
Милициянын айтымында, мындай жалган маалыматты айрым адамдар жашыруун ат менен социалдык түйүндѳр аркылуу таратып, калк арасында дүрбѳлѳң салууга аракет кылууда.