Майып кызды зордуктаган. Шектүү 6 жыл абакта жатат
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа райондук соту мүмкүнчүлүгү чектелген кызды зордуктаган кишини 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Кылмышка шектүү окуя болгон күнү таанышына жолугуп, спирт ичимдиктерин ичкендигин айтат. Андан кийин эмне болгону эсинде жок.
Кошумчалай кетсек, жабырлануучу кыз менен анын апасы айыпталуучуну кечиргенин билдиришкен.