Башкы прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акция өтүп жатат
Башкы прокуратуранын имаратынын алдында нааразычылык акция өтүп жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине катышуучулар билдиришти.
«Кеп мыйзамсыз салынган курулуштарды алып салуу тууралуу болуп жатат. 6-кичи райондогу кафени алып салуу тууралуу чечим мартта эле кабыл алынган. Бирок, ошол бойдон турат. Биз Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Бир айдан бери эч кандай жооп жок», -дешти нааразы болгондор.
Алар кошумчалашкандай, талаптары аткарылмайынча акцияга күн сайын чыга беришмекчи.