5 жашар наристе зордукталды. Күнөөкөр 20 жылга эркинен ажыратылды
Жалал-Абад облустук соту 5 жашар кызды зордуктаганга шектүү жаранга карата биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.
Жалал-Абад шаардык соту шектүүнү 20 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, өкүмгө нааразы болгон жаран облустук сотко кайрылган.
Ал соттук отурумдун жүрүшүндө күнөөнү мойнуна алган эмес.