08:35, 04 июля 2018, 24.kg

Орусия: өзбек жараны пенсионердин 300 миң долларын уурдаган деп шектелүүдө

Өзбекстандын жараны Подмосковьедеги Сатино-Русское кыштагында жашаган пенсионердин 300 миң долларын уурдап кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазды.

«Белгисиз адамдар 1953-жылкы пенсионердин 300 миң долларын уурдап кетишкен. Акча үйдүн үчүнчү кабатында картон кутучуда болгон», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, бул кылмышка пенсионердин үйүндө 10 жыл ар түрдүү жумуштарды аткарып иштеген Өзбекстан жараны шектелүүдө.

Булактын белгилешинче, тергөө шектүү Орусиядан чыгып кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул иш боюнча ири өлчөмдө акча уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18