Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголду
Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан кабарлашты.
Прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азиеванын билдиришинче, алар «адамды камакта мыйзамсыз кармап туруу менен конституциялык укугун бузган» деп айыпталууда.
Бул маалымат коомчулукка жарыяланган соң Башкы прокуратура айтып жаткан жаран көзү азиз активист Темирлан Ормуков экени белгилүү болду. Мындай маалыматты Ормуков "Азаттыкка" өзү да ырастады. Бирок Темирлан Ормуков Жогорку соттун судьяларына карата буга чейин арыз жазбаганын, өз эркиндигинин чектелеши боюнча башка адамдарга дооматы бар экенин билдирди.
Темирлан Ормуков кошумчалагандай, аны камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүч арызын Жогорку сотто Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыев баштаган соттук коллегия караган эле. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон судьялар аталган адамдар болушу мүмкүн экени болжолдонууда.