Ысык-Көлдөгү сегиз пансионат туристтерди кабыл алууга даяр эмес
Ысык-Көлдөгү сегиз пансионат туристтерди кабыл алууга даяр эмес. Бул тууралуу маалымат жыйында экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын региондор аралык башкармалыгынын башчысы Тилек Текебаев билдирди.
Маалым болгондой, 2017-жылы 8 пансионат экологиялык жана техникалык эрежелерге жооп бербегендиктен иштеген эмес. Анын үстүнө коопсуздук эрежелерин аткаруу үчүн акча каражаты керектелет.