Бишкекте эки милиция кызматкери сабалды
Бишкектеги Ош базарынын жанынан эки милиция кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош базарда сумкасына тапанча салып көтөрүп жүргөн кишиден тартип сакчылары документин көрсөтүүнү талап кылышкан.
Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды.