Казакстандын тышкы карызы кыскарууда
2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди.
Тышкы карыздын көбү — 63% фирма аралык береселерге тиешелүү.
26% — насыячылар алдындагы «башка секторлордун» бересеси, 8% — мамлекеттин тышкы карызы, 4% — банк секторлорунун тышкы милдеттенмелери.