11:13, 03 июля 2018, 24.kg

Бостеридеги өрттөнгөн кафе. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылындагы «Осьминог» кафесин өрттөгөнгө шектелип жергиликтүү 2 тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо тураары белгилүү болду.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, кылмышка шектүүлөр кафеге бензин чачып, өрттөшкөн.

«Шектүүлөр камакка алынды. Алардын үйүн тинтүү маалында баңгизаты менен курал-жарактар табылган», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, «Осьминог» кафесин 7-январда өрттөп кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18