Нурэмир Бабанов Кыргызстандагы ЖОЖго өтүү үчүн «Алтын сертификатты» колдонбойт
Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов Кыргызстандагы ЖОЖго өтүү үчүн «Алтын сертификатты» колдонбойт. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.
№ 61 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Нурэмир Бабанов ЖРТдан 224 балл алган.
Ал чет өлкөдө окууну пландап жатканын айтып, бирок кайсы өлкөгө бара турганын жашыруун калтырды.