08:47, 03 июля 2018, 24.kg

Түркмөн президентинин аргымагы Гиннестин рекорддор китебине кирди

Түркмөнстан кезектеги жолу Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул жолу рекордду түркмөн президентинин аргымагы көрсөттү.

ТДХ маалымат агенттиги түркмөн күлүгү 2016-жылдагы көрсөткүчтү эки эсеге жакшыртканын жазды.

Расмий билдирүүдө бул рекорд — саяпкерликти өнүктүрүү жана бул тармакты дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу боюнча президент Гурбангулы Бердымухамедов жигердүү иштеп жатканын далилденгени айтылат.

Ахалтекин аргымактары Түркмөнстандын улуттук сыймыгы болуп эсептелет. Жылкы чарбачылыгын өлкө башчысы өзү көзөмөлдөйт. Президент Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18