08:44, 03 июля 2018, 24.kg

Украина товарларын Казакстан жана Кыргызстанга жеткирүүнү чектөө узартылды

Орусия 2-июлда Украина продукцияларын өз аймагы аркылуу Казакстан жана Кыргызстанга жеткирүүнү чектөөнү дагы жарым жылга узартты. Тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин кол койду.

2015-жылдын декабрь айында Орусия Украина менен соода карым-катнашын чектеген бир катар чечим кабыл алган. Анын ичинде Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) алкагында бул өлкө менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимди токтоткон. Чектөө чаралары 2016-жылы 1-январда күчүнө кирген.

Ошол эле жылы 2-январда Украина орусиялык товарларга импорттук алым киргизген.

Украин тарап Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы милдеттенмелерин бузуп, автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу украин товарларын жеткирүүгө бөгөт койгонун билдирип келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18